Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Мектептердин 84% оңдоп-түзөөгө муктаж


Учурда Кыргызстанда орто мектептердин 84 пайызы оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу бүгүн парламентте айтылды.

Депутат Бөдөш Мамырова Жалал-Абадда селдин айынан №6 мектеп кооптуу абалга кептелип, окуу токтогонун айтты.

Билим жана илим министри Эльвира Сариева мындай абалга туш болгон башка да мектептер бар экенин айтып, өлкө боюнча орто мектептердин 84% авариялык абалда деп билдирди.

Бирок премьер-министр Жоомарт Оторбаев министрдин сөзүн тууралап, кеп түрдүү даражадагы оңдоо иштерин талап кылган мекемелер тууралуу болуп жатканын айтты.

Министр Сариева бул мектептер боюнча канча каражат талап кылынганы жазылган арыз Каржы министрлигине жөнөтүлгөнүн, курулуш иштерин баштоо акчанын бөлүнүшүнө жараша болорун кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG