Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-премьер Дамира Ниязалиева бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр 85 аял төрөт учурунда каза тапкан. Бул 2013-жылга караганда 26 пайыз көп.
2013-жылы төрөт учурунда өлкө аймагында 61 аял көз жумган.
Кыргызстанда энелердин өлүмү курч маселелердин бир. Бул көйгөйгө эл аралык саламаттык сактоо мекемелери тычсыздануусун билдирип келет.(BkA)