Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Депутат Нышанов: Премьер Оторбаев отставкага кетиши мүмкүн


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламентке отчетун берген соң отставкага кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат, премьер-министрдин партиялашы Сайдулла Нышанов билдирди. Анын айтымында, Оторбаев акыркы бир жылдагы иши тууралуу депутаттарга отчетун берген соң өз арызы менен отставкага кетет деген сөз жүрүүдө:

- Оторбаев өзү кетейин деген ой жаратып жатат. Ал өтө чынчыл адам катары парламентке отчетун берип анан кетет, - деди Нышанов.

Буга чейин Оторбаевдин отставкасы тууралуу бир нече маалымат каражаты жазып чыккан. Эгер премьер-министр кызматтан кетсе, өкмөттүн курамы толугу менен отставкага кетиши керек болот.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт былтыр апрелде дайындалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG