Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Пакистанда 47 талип өлтүрүлгөнү кабарланды


Пакистандын армиясы «акыркы эки күн ичинде Түндүк Вазиристан уруу аймагындагы абадан сокку урууларда аз дегенде 47 талип согушкери жок кылынды» деп ырастады. Армиянын билдирүүсүндө айтылгандай, соккулар Датта Кел айылындагы талиптердин турагын бутага алды. Бул маалыматты бышыктоо мүмкүн эмес, себеби аталган тоолуу аймакка журналисттер бара албайт.

Ооган чек арасына жакын жайгашкан бул жерлерди мурда АКШнын дрон, же пилотсуз учактары бутага алып келген эле.

Талиптердин "Техрики Талибан" жана "Өзбекстан ислам кыймылы" уюмунун Карачинин аба бекетин бомбалаганын мойнуна алгандан кийин Пакистандын армиясы аталган партияга каршы былтыр июнь айынан бери согуштук операцияларды жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG