Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Литва президенти: Молдова орус таасирине туруштук берет


Литванын президенти орус таасирине Молдова туруштук бере алат деп эсептейт. Даля Грибаускайте Молдованын баш балаасы Кишиневде "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Анын пикиринде, экономикалык туруктуулук жана мыйзамдуулук Молдовага Москванын кысымына туруштук берүүгө жардамдаш болот. «Олигархтар коррупцияга аралашып, өкмөт жана медия өкүлдөрү менен коюн-колтук алышкан кырдаал бир да мамлекетке жакшылык алып келбейт. Мындай өлкөнү экономикалык санкциялар менен оңколотуш оңой эле» деди Литва президенти. Ал Литва акыркы 25 жылда Кремл колдогон оор санкцияларга туш келгенин, бирок былтыр суюлтулган жаратылыш газын сактоочу жай курулгандан бери, өлкө "Газпромду" көзгө илбей калгандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG