Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

ЕБ мигрант толкунун чукул саммитте талкуулайт


Европа Биримдигинин лидерлери Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага келүүгө далалаттанган мигранттардын агымын токтотуу жолдорун бүгүнкү чукул жыйынында сөз кылмакчы. Брюсселдеги жыйынга карата даярдалган билдирүүнүн долбоорунда лидерлер «кемелерди алар жолго чыга электе таап, жок кылуу үчүн системдүү аракет көрүүгө» сөз беришет.

Лидерлер ошондой эле деңиз кайгуулун көбөйтүүгө жана кеме менен камсыз кылууга кошумча каражат бөлүшмөкчү.

19-апрелде Ливиянын жээгинде кеме чөгүп, 800дөн ашык киши набыт болгон эле. Ошону менен быйыл аймакта деңиз жалмагандардын саны 1750гө жетти. Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци Ливиядагы киши аткезчилерине каршы тез чара көрүүгө чакырган.

Римдин маалыматы боюнча, Италияга келген мигрант кемелердин 90 пайызы Ливиядан жолго чыгат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG