Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Башкы прокуратура журналист боюнча арызына түшүндүрмө берди


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы президенттин абийири менен ар-намысын коргоого милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө айтылат.

"Конституция боюнча президенттин ар-намысы жана абийири мыйзам менен корголот. Бул норма Башкы прокуратураны президенттин атынан сотко кайрылууга милдеттендирет" деп айтылат башкы көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз жолдоп, журналист Дайыр Орунбековду “Отунбаева көз жумуп, Атамбаев унутуп калган Ош окуяларына качан саясий баа берилет?” деген макаласы үчүн жоопко тартууну талап кылган. Бирок ал жактан сот өндүрүшү кыскартылып, кийинки арыз Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн. Иш азыр ошол жакта каралууда.

Айрым медиасерепчилер башкы прокурор президенттин атынан сотко кайрылууга укугу жок деп сындап чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG