Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

УКМК “Вечерний Бишкектин” кайрылуусунда айтылгандарды текшерет


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Вечерний Бишкек” басылмасынын президентке кайрылуусунда конституциялык түзүлүштү бузуу чакырыктары бар-жогун текшерет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, басылма кайрылуусунда айтылган чакырыктар боюнча тиешелүү экспертиза өткөрүлөт. Анын жыйынтыгы менен кайрылууга укуктук баа берилмекчи.

Ошондой эле комитет кайрылууга кол койгон адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдуу аракет көрүүгө даяр экенин билдирди.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын жамааты өткөн жумадан бери президент Алмазбек Атамбаевге эки жолу кайрылуу жолдоду. Анда басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканы, артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрам Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн деген божомол айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG