Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Лукашенко Грузиянын территориялык биримдигине колдоо билдирди


Беларус президенти Александр Лукашенко анын өлкөсү Грузиянын аймактык биримдигин колдой тургандыгын бышыктады. Муну менен ал Орусия колдогон абхаз жана түштүк осетиялык жикчилдерди колдобой турганын кыйытты.

20 жылдан ашуун мезгилден берки Тбилисиге биринчи жолу барышында Лукашенко президент Гиорги МаргВелашвили менен сүйлөшкөндөн кийин кабарчылар менен жолугушту. Ошол эле убакта ал Орусия менен Грузиянын 2008-жылдагы согушунан кийин алакаларга аяр мамиле жасап, айрым кадамдардан сак болуш керек деген пикирин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG