Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Кадыров: «бөтөн» тыңчыларды аткыла


Чеченстандын президенти, Кремл колдогон Рамзан Кадыров жумурияттын тартип коргоочуларына Орусиянын башка жактарынан келип, уруксатсыз операция жүргүзгөн коопсуздук күчтөрүн атууга көрсөтмө берди. Грозныйдагы тартип коргоочулар менен жолугушууда ал «Москвадан болобу, Ставрополдон болобу, биздин аймакка айтпастан келгендерди атып салгыла» деп айтканы шаардык телеканалдан көрсөтүлдү. Бул сөздөр Чеченстанды көзөмөлдөөдө Орусиянын президенти Владимир Путин Кадыровго канчалык ишене алат деген кооптонууларды дагы тереңдетти. Кийинки кездери Кадыров менен Орусиянын айрым күч органдарынын ортосунда тирешүү байкалууда. Жакында Грозныйда коңшу Ставропол аймагынан келген полиция Орусиянын ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен бирдикте бир чеченди атып кетишкен эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG