Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Президент шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду


“Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” Конституциялык мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 23-апрелде кол койду.

Аталган мыйзам 9-апрель күнү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзам шайлоо жараянына инновациялык технологияларды киргизүү менен добуш берүү мыйзамдуулугунун жаңыланышына багытталган. Бул жаңылануунун негизги мааниси “бир шайлоочу – бир добуш” принцибин камсыз кылуу жана добуштардын жыйынтыгын эсептөөдө адам факторун мүмкүнчүлүк болушунча азайтуу болуп саналат.

Бул мыйзам боюнча:

-Шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар киргизилет;

-Шайлоочулардын тизмесин түзүү укугу Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилет;

-Шайлоочуну добуш берүүгө жаранды биометрикалык жана персоналдык идентификация аркылуу, шайлоочунун манжа тагын биометрикалык маалыматтар базасындагы тагына дал келсе гана кое берүү;

-Шайлоочуга добуш берүүгө уруксат берүүчү документтердин арасынан пенсиялык, айдоочулук күбөлүк, аскердик билет алынат. Шайлоочу бир гана Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган ички жана жалпы жарандык паспорту аркылуу гана добуш бере алат;

-добуш берүүгө автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдү пайдалануу;

-добуш берүү жайларын монитор жана башка тиешелүү жабдыктар менен жабдуу;

-жарандардын добуш берүү укуктары жана шайлоо мыйзамдары участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан бузулган учурда, УШКнын чечимине же аракеттерине дооматтарды кароодо мамлекеттик органдардын, алардын ичинде күч кызматтарынын, шайлоо комиссияларынын, сот органдарынын иштерин так аныктоо;

-шайлоого катышуучу саясий партиялардын күрөө акчасынын суммасын 500 миң сомдон 5 млн. сомго көтөрүү каралган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG