Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:05

Оторбаев кызматын убактылуу улантып турат


Жоомарт Оторбаев жаңы өкмөт башчы дайындалганча премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасы боюнча чыгарган жарлыкта айтылат.

Өз милдетин убактылуу аткарууну вице-премьерлер, министрлик жана ведомство жетекчилери да улантып турмакчы.

Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик кызматка былтыр жазында дайындалган. Кечээ, 23-апрелде ал иштен кетерин парламентте жарыялады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG