Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:18

Оторбаев: Өзүмдү кийинки өкмөттүн катарынан көрбөйм


Бул тууралуу кызматтан кетип жаткан премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бир да адам өзүн өзгөчө сезип, кызматта узак убакыт калууга умтулбашы керек.

- Бардык нерсенин башталышы жана аягы болот. Ошондуктан мен күчүмдүн жетишинче өкмөт башчылыкты ак ниет менен аткарууга аракет кылдым. Кандай премьер-министр болгонума тарых баа берет. Ал эми саясий майданда өз каалоосу менен кызматты өткөрүп берүү биз үчүн катардагы көрүнүш болуп калыптанышы зарыл, - деди Оторбаев.

Ал кызматтан кеткен соң эмне менен алектенерин учурда чече электигин, бирок өзүн кийинки өкмөттөрдүн катарынан көрө албай турганын кошумчалады.

23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрликтен кетерин парламентте жарыялады. Бүгүн президент анын отставкасын кабыл алды. Мындан соң өкмөт толук курамы менен иштен кетти. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG