Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Эгиздеринен ажыратылган келиндин адвокаты сотко кайрылды


500 доллар карызы үчүн камакка алынган келиндин адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы аппаратынын балдар жана жаштардын укугун коргоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Кечээ Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү Аида Касымова сот залынан тергөө абагына камалган. Бирок укук коргоочулар анын үч жаштагы эгиз балдары кароосуз калганын айтууда. Касымова аларды бала бакчадан алып кетиши керектигин айтканына карабай камап коюшкан. Наристелерди райондук акимиат жана прокуратура кызматкерлери Кароосуз калган балдар үйүнө жайгаштырышкан.

Акыйкатчы өкүлүнүн айтымында, Касымованын адвокаты бүгүн бул чечимди жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко кайрылды. (RK)

XS
SM
MD
LG