Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Орусия Жеңиштин 70 жылдыгына карата мунапыс жарыялады


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйындар залы

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйындар залы

Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары Жеңиш күнүнө карата мунапыс тууралуу президенттин токтомунун долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Расмий маалыматка ылайык, мунапыска 260 миңдей адам илиниши мүмкүн. Укук коргоочулар эркиндикке чыккандардын саны кыйла аз болуп калышы мүмкүн деп кооптонууда.

Бүгүнкү жыйында Мамлекеттик Дума “Адилеттүү Орусия” партиясынын мүчөсү Дмитрий Гудковдун “Болотный иши” боюнча камалгандарды мунапыска кошуу сунушун четке какты.

Жаңы жарыяланган мунапыс аркылуу биринчи кезекте өспүрүмдөр, жаш балдары бар энелер, майыптар, рак, кургак учук илдети менен жабыркагандар биринчи кезекте бошотулат.

Мунапыс тизмесине ага-ини Навальныйлар, “Болотный иши” боюнча камакка алынгандар кирген жок. Укук коргоочулар бул үчүн президенттин токтомун сынга алууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG