Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Италиядагы антитеррордук операция маалында 18 адам камалды


Италия полициясы жүргүзгөн антитеррордук операция маалында 18 адам камалды. 24-апрель, 2015-жыл.
Италия полициясы жүргүзгөн антитеррордук операция маалында 18 адам камалды. 24-апрель, 2015-жыл.

Италия полициясы жума күнү өлкөнүн жети облусунда жүргүзгөн антитеррордук операциянын жыйынтыгында 18 адамды камакка алды.

Алар “Аль-Каида” террористтик уюмуна ылым санап, террористик ишмердүүлүк жүргүзүп келген деп шектелүүдө.

Терроризм менен күрөшүү боюнча борбордук кызмат башында турган бул кеңири операция алкагында коопсуздук күчтөрү “Аль-Каидага” катыштыгы бар Сардинияда жайгашкан экстремисттик топтун изине түшкөн.

Полициянын маалыматына ылайык, кылмыштуу топ Италияга келгиче Батышка каршы куралдуу күрөшкө үгүттөө жүргүзүп, Пакистан бийлигине каршы чабуулдарды уюштуруп келгени болжолдонууда.

Камалгандардын арасында Пакистандагы көптөгөн террористтик чабуулдарды, анын ичинде 2009-жылдын октябрында Пешавар шаарында жүздөй кишинин өмүрүн алган жардырууну уюштурган деп шектелгендер бар.

XS
SM
MD
LG