Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Турсунбеков: Премьер-министрге талапкер боюнча кеңешүүлөр башталды


Жаңы премьер-министрге талапкерди тандоо боюнча Социал-демократтар фракциясында кеңешүүлөр башталды. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, фракциянын бүгүнкү жыйынында жаңы премьер-министрликке кандай талапкерди көрсөтөбүз деген талкуу болду:

- Шайлоого аз гана убакыт калды. Бул убакыт аралыгында жаңы келген премьер-министр өз программасын жазып, ишке ашырууга жетишпейт. Ошондуктан, азыркы өкмөттүн курамындагы ишти билген адамдардан бирин тандоого керек деген сунуштар айтылды. Бул боюнча дагы талкууланып, жакын арада конкреттүү сунуштар айтылат, - деди Турсунбеков

Фракция лидери кошумчалагандай, жаңы премьер-министрдин талапкерлиги боюнча көпчүлүк коалициядагы башка фракциялар менен кеңешүүлөр өтмөкчү.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Социал-демократтар премьер-министрликке экономика министри Темир Сариев менен Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлигин тандаганын жазып чыккан. Турсунбеков мындай маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрликтен кетерин парламентте жарыялады. Бүгүн президент анын отставкасын кабыл алды. Мындан соң өкмөт толук курамы менен отставкага кетти.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG