Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Кыргыз-орус парламентарийлери Оштун жергиликтүү бийликтери менен жолугат


Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйынынын кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиясынын IV отуруму келерки аптада Ош шаарында болот.

27-апрель күнү тараптар Ош мамлекеттик университетинин иши менен таанышып, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. 28-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болот.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланат.

Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагалары - Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жана Орусия Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин төрага орун басары Виктор Заварзин. (SE)

XS
SM
MD
LG