Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Польша бийлиги “Түнкү карышкырларды” өлкөгө киргизүүгө тыюу салды


Өзүн “Түнкү карышкырлар” деп атаган байкерлер тобу. 17-март, 2015-жыл
Өзүн “Түнкү карышкырлар” деп атаган байкерлер тобу. 17-март, 2015-жыл

Польшанын Тышкы иштер министрлиги “Түнкү карышкырлар” клубунун байкерлерин мамлекетке киргизбөө чечимин кабыл алып, Орусияга нота жиберди.

Мурдараак Беларус жана Чехияда да аталган клубдун байкерлерине нааразылык айтылган. Беларустун активисттери аларды Донбасстагы жикчилдерди колдойт деп, чехиялыктар “Түнкү карышкырлар” Орусиянын авторитардык режимин даңазалайт деп каршылык билдиришкен.

Байкерлер Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиядан Беларус, Польша, Чехия, Австрия жана Германияга мотожүрүшкө чыгарын жарыялашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG