Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Казакстанда бүгүн “жымжырттык күнү”


26-апрелде Казакстанда президенттик чукул шайлоо өтөт. Мамлекет башчылыкка азыркы президент Нурсултан Назарбаев жана эки саясатчы - Абелгази Кусаинов менен Тургун Сыздыков ат салышууда.

2016-жылга белгиленген президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Казакстан эл ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. Буга “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгы негиз катары келтирилген. Аталган Ассамблеяга Назарбаев өзү төрагалык кылат.

74 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ушуну менен ал бешинчи ирет шайлоого аттанууда. (SE)

XS
SM
MD
LG