Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Жалал-Абадда Тумановдорго каршы митингге уруксат берилбеди


Токтогул Туманов.
Токтогул Туманов.

Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов жана анын бир тууган иниси Келдибек Тумановго каршы нааразылык акциясын өткөрүүгө шаар бийлиги уруксат бербеди. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири, Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов кабарлады.

Мэриянын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев митингдер шаар сыртында өткөрүлүүгө тийиш экендигин билдирди.

21-апрелде Барпы айылынын айрым тургундары бир тууган Тумановдорго нааразылыгын билдирген. Маалыматка ылайык, Барпы айылынын аймагында "Келечек" минерал булагы жайгашкан. Аны иштеткен "Келечек" фирмасын Келдибек Туманов жетектейт. Жергиликтүү кеңеш булакты айыл бийлигинин карамагына өткөрүү тууралуу чечим чыгарган, бирок Келдибек Туманов ал жерди менчиктештирип алганын айтып, депутаттарды сотко берген.

Нааразы тарап Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында 25-апрель күнү пикетке чыгарын жарыялаган эле.

Социал-демократтар партиясынан шайланган депутат Токтогул Туманов парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетин жетектейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG