Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Кыргызстан CASA-1000 боюнча резолюцияны бекитти


Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев башында турган расмий делегация 24-апрелде Стамбулда CASA-1000 долбоору боюнча резолюцияны бекитти. Долбоордун укуктук маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө Пакистан, Ооганстан жана Тажикстандын да өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

СASA-1000 Түштүк Азияда электр энергияны өткөрүү жана сатуу боюнча эл аралык долбоор. Анын Кыргызстандагы бөлүгүн аткаруу үчүн 230 миллион доллар керек.

Долбоордун ишке кириши менен Кыргызстандын электр энергиясын кымбат баада экспорттоого жаңы жол ачылат жана ал 15 жылда өзүн актайт.

Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган CASA-1000 долбоорунун биринчи бөлүгү 2018-жылы ишке кирери күтүлүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG