Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Түркия Путинге нааразылык билдирди


1915-жылы Осмон империясы тарабынан армяндардын кыргынга кабылганы тууралуу сүйлөп жатып, “геноцид” сөзүн колдонгону үчүн орус президенти Владимир Путинге Түркиянын Тышкы иштер министрлиги нааразылыгын билдирди.

Расмий Анкара 24-апрелде тараткан билдирүүдө

- Орусия өткөн кылымда Кавказда, Борбор Азияда жана Европанын чыгышында жасаган куугунтуктоо жана кыргындарды эске ала турган болсок, бул мамлекет геноцид эмне экендигин жана анын юридикалык кесепетин жакшы түшүнүшү керек, - деп жазылат.

Путин жума күнү Ереванда 1915-жылы мерт кеткен армяндарды эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып, “геноцид” сөзүн колдонгон жана орус өкмөтү бул кыргынды жасагандарды колдобой турганын айткан.

Түркия 100 жыл мурунку окуяга “кыргын” сөзүн колдонот, “геноцид” деп айтууга каршы болуп келет. Жакында Ватикан жана Австрия өкмөтү армяндар кыргынын геонцид деп атаганы үчүн аталган мамлекеттеги элчилерин чакыртып алган. (SE)

XS
SM
MD
LG