Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Непалдагы зилзала курмандыктары 1800дөн ашты


Зилзаладан кыйраган имараттар. 25-апрель, 2015-жыл. Непал.
Зилзаладан кыйраган имараттар. 25-апрель, 2015-жыл. Непал.

Непал Ички иштер министрлиги 25-апрелдеги зилзаладан курман болгондордун саны 1805 кишиге жеткенин билдирди. Кеминде 4700 адам жаракат алды. Жер силкинүү Индиянын түндүгүндө жашаган 36 адамдын, Тибеттин 12 жаранынын, Бангладештин төрт тургунунун да өмүрүн алды.

Непалдагы 29 район жабыркап, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Он миңдеген адамдар түндү ачык асман алдында өткөрдү. Жапа чеккендерге тик учак аркылуу гуманитардык жардам жеткирилүүдө. БУУнун адистери Катманду шаарындагы ооруканалар бейтаптарга толгонун билдирди.

25-апрель күнү түшкө жуук күчү 7.9 баллга жеткен зилзаладан жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дхарахара мунарасы да кулап түшкөн. АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, силкинүү очогу борбор калаа Катмандудан 80 чакырымдай алыста болду. Жер титирөө Индия, Тибет, Бангладеш жана Пакистанда да байкалды.

Кырсыктан улам Эверест чокусунда көчкү жүрүп, сегиз адам мерт кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG