Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Астанада Алиби Жумагуловдун сабалышы боюнча эки киши кармалды


Астана прокуратурасы жергиликтүү тургун Алиби Жумагуловду сабады деген шек менен эки кишини кармады. Катуу токмоктолуп, аябай оор абалда бейтапканага түшкөн Алибинин абалы социалдык тармактарда эки күндөн бери кызуу талкууланып жатат.

Астана шаарынын тургуну Нурлан Жумагулов 24-апрелде интернетке уулу Алибинин сабалганы тууралуу билдирүү жазып, анын бети-башы жарылып, көгала болгон сүрөтүн жайгаштырган. Жумагулов уулу жеке ишкерлер тарабынан токмоктолгонун айткан. Буга үч адам шектелип, экөө кармалганын, бир адам издөөдө экенин күч органдары билдирди. Окуяны иликтөөнү башкы прокурор менен ички иштер министри жеке көзөмөлгө алышкан. Шектүүлөрдүн бири эки айга камалды. Экинчи адамдын баш коргоо чарасы эми аныкталат.

Алиби Жумагуловдун үй-бүлөсү банкта эсеп ачып, дарылоого керектүү каражат топтоо үчүн коомчулуктан жардам сурады. Бул окуя кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында да талкуу жаратып, жабырлануучуга жардам берүү сунуштары айтылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG