Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Кыргызстанда кант диабети менен ооруган балдар 300дөн ашат


Кыргызстанда расмий каттоодо турган кант диабети менен ооруган балдардын саны 300дөн ашуун. Алардын басымдуу бөлүгү баш калаада жашайт. Мектеп жашына чейинки оорулуу наристелер үчүн борбордо “Пчелка” аттуу жалгыз менчик бала бакча иштеп жатат. Бул жайда оорулуу балдарга маалы менен инсулин дарысы сайылып, атайын медициналык көзөмөлдө турушат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

25-апрелде министр Талантбек Батыралиев аталган бала бакчага барып, жүргүзүп жаткан иши менен таанышты. Бакча жамааты менен болгон жолугушууда министр балдардын саламаттыгына көңүл бурууну жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. (BCh)

XS
SM
MD
LG