Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Иракта унаалар жарылып, 12 адам мерт кетти


Ирактын Багдад жана Махмудия шаарларында унаалардын жарылуусунан 12 жайкын тургун көз жумду. Бул тууралуу Associated Press агенттиги мамлекеттик күч органдарына таянып билдирди.

Машинелердин бири Багдаддагы Хилани аянтында жардырылган. Анын артынан эле Махмудия калаасында бир унаа жарылган. Полиция Багдаддын Амил районунда да бир унаа жардырылганын билдирди.

Муну “Ислам мамлекети” террордук уюмунун согушкерлери жасаган болушу мүмкүн деген божомол бар. Бирок окуяга эч ким жоопкерчиликти ала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG