Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Бишкекте балдарды кордогондорду жазалоо маселеси талкууланат


Балдардын укуктарын коргоо бирикмеси жеткинчектерди зордуктагандарды жазалоо маселесин бүгүн Бишкекте талкуулайт. Уюмдун өкүлү Тагир Осмоналиев “Азаттыкка” билдиргендей, жыйында Кылмыш-жаза кодексинде балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо беренесин катаалдантуу боюнча пикир алмашуу болот.

Азыркы мыйзамга ылайык, эгер ата-эне баласына зомбулук көрсөткөн кишинин үстүнөн жазган арызын кайтарып алса, ал жазадан бошотулат. Активисттер кордук көргөн наристенин жакындары күч органдарынан арызын кайра алган учурда да кылмыш жасаган адамга мыйзамдуу чара көрүү зарылдыгын билдиришүүдө.

Талкуу “Максимум” комплексинде өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, күч органдарында иштегендер жана жарандык коом өкүлдөрү чакырылган.

Соңку кездери Кыргызстанда балдарды уруп-сабаган, зордуктаган фактылар көп катталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG