Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Өзбекстанда катуу шамалдан бир адам өлгөнү кабарланды


Шамалдан улам дарактар менен электр мамылары кулап, унааларды басып калды. Өзбекстан, 26-апрель, 2015-жыл.

Шамалдан улам дарактар менен электр мамылары кулап, унааларды басып калды. Өзбекстан, 26-апрель, 2015-жыл.

Өзбекстандын бир катар аймактарында 26-апрель күнкү катуу шамалдан 1 адам каза таап, 17си жараат алганы кабарланууда. Расмий органдар жараат алгандардын саны тууралуу маалыматты тастыктап, киши өлүмү жөнүндөгү кабар текшерилип жатканын билдиришти.

Айрым булактар Жизак облусунда бир имараттын чатыры учуп кетип, улгайган аялды басып калганын, ал ошол жерде мерт кеткенин жазып чыккан.

Көчөлөрдө дарактар жана электр мамычалары унаалардын жана дүкөндөрдүн үстүнө кулаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG