Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:29

ТИМ Непалдагы кыргызстандыктарды тактап жатат


Непал -- Жер титирөөдөн кийинки Катманду шаары, 25-апрель, 2015

Непал -- Жер титирөөдөн кийинки Катманду шаары, 25-апрель, 2015

Тышкы иштер министрлиги зилзала болгон Непалдагы кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул өлкөдө Кыргызстандын элчилиги жок болгондуктан, учурда Индиядагы элчилиликке бул боюнча тапшырма берилди. Министрликтен Непалда кыргызстандыктар бар экенин, бирок санын тактоо керектигин кошумчалашты.

25-апрелде Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан 3200дөн ашык адам мерт кетип, 6500гө жакын адам жараат алды. Борбор шаар Катманду калаасында жана ага жакын аймактарда көпчүлүк турак жайлар, анын ичинде тарыхый Дхарахара мунарасы да кыйрады.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG