Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Аскер кызматкерлерине мыйзамсыз үй берүү боюнча иш козголду


Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин бир катар кызматкерлерине аскер кызматкерлери үчүн салынган үйдүн батирлерин мыйзамсыз бөлүштүргөнү үчүн кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жетекчилиги жана турак-жай комиссиясынын мүчөлөрү аскер кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үйдөн 30дан ашык батирди мыйзам бузуу менен бөлгөнү аныкталган. Алар бул батирлерди үй-жайы бар, муктаж эмес адамдарга бөлүп берген. Ошол эле учурда кезекте кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөсү, жарадар болгон, көп балалуу жана башка себеп менен үй-жайга муктаж болгон бир нече аскер кызматкерлери болгон.

Бирок министрликтин жетекчилиги алардын арыздарына көңүл бурган эмес. Ошондуктан Аскер прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча иш козгоп, тергөө башталды.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG