Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Жерүй боюнча сынактын экинчи туру өтөт


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Шейшембиде Жерүй боюнча конкурстун экинчи туру өтөрүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, биринчи турда “Алдан золото ГРК”, “Восток-геологодобыча” жана “Кыргызалтын” ишканалары өткөн. Экинчи турда кенди иштетүү боюнча алардын сунуштары, программалары каралат. Май айынын башында компаниялардын арасынан жеңүүчү аныкталат.

Өкмөт өткөн жылы да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Ушул тапта баштапкы баа 100 миллион доллар.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG