Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Бишкекте балдарга карата зомбулукту токтотуунун жол-жобосун талкуулаган жыйын өтүүдө. Анда мындай кылмыштарды токтотуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да козголду. Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Кудайберген Базарбаевдин айтымында, былтыр өлкө боюнча балдарга карата 900дөн ашык зордук-зомбулук кылмышы катталган. Бул мурдагы жылга караганда 130гө аз. Ошентсе да, мындай кылмышты жасагандар арасында жазалангандар аз болуп жатат.

Катышуучулар айрыкча азыркы учурда аймактарда арбып жаткан балдарга запкы көрсөтүүнү токтотууну тартип сакчылары менен социалдык кызматкерлер чогуу ишке ашырып, көзөмөлдөш керектигин белгилешти.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG