Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Киевде Евробиримдик-Украина саммити өтөт


Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттары кандай аткарылып жатканына бурулары күтүлүүдө. Быйыл февралда кол коюлган келишим кыянатчылыктардын басаңдашына алып барды. Бирок анын шарттары өкмөттүк күчтөр жана орусиячыл жикчилер тарабынан да бузулуп жатканы утур-утур кабарланып келет.

Маселен украин армиясы кечээги атышуулардан бир аскери өлүп, жетөөсү жаракат алганын маалымдады. Ошол эле учурда Минск келишиминин саясий бөлүгүнүн аткарылуусу талаш жаратууда.

Евробиримдик -Украина саммити Киев Брюссель менен ассоциация келишимине кол койгондон бери биринчи ирет өтүп жатат.

Сүйлөшүүлөрдө маалыматтарга караганда, Украинадагы экономикалык жана саясий реформалардын абалы, президент Порошенконун ок атышуунун токтошуна мониторинг жүргүзүү үчүн Евробиримдиктин бейпилдик күчтөрүн жиберүү өтүнүчү да талкууланган жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG