Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Ош аба майданынын он чакты кызматкери Ош эл аралык аэропортунун директору Абдунаби Алиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, маалымат жыйын өткөрүштү. Алар буга себеп катары мекеме коррупциялашып, кызматка алууда тааныш-билиштик күчөп кеткенин айтышууда. “Алиев жетекчилик кылган 2 жылда жамаат экиге бөлүнүп, коррупциялык көрүнүштөр өсүп жатат. Жүргүнчүлөрдү тейлөө жылдан жылга начарлоодо, Алиев эки жыл аралыгында 300гө жакын кызматкерди эч себепсиз жумуштан кетирип, анын ордуна өз туугандарын, тааныштарын кызматка алган”, - дейт нааразы болгондордун бири, мекеменин авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчиси Данил Токтогонов.

Токтогоновдун айтымында, нааразы болгондордун саны 200гө жетет. Алар Алиевди кетирүү талабы менен "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигине, Транспорт жана байланыш министрилигине, ЖКнын депутаттарына да кат жөнөтүштү.

Ош аба майданынын жетекчилиги бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Аэропорт “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. (ErN).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG