Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Текебаев мурдагы муфтийди бошотуу зарылдыгын айтып чыкты


Рахматулла Эгембердиев айт намазында, 26-октябрь, 2012.
Рахматулла Эгембердиев айт намазында, 26-октябрь, 2012.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш прокурор Индира Жолдубаевага жолдогон бүгүнкү кайрылуусунда Казакстанда камакка алынган мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев камактан бошотулу зарылдыгын белгиледи. Анда Эгембердиев муфтий болуп турганда салык жашырган деп айыпталып жатканы, бирок быйыл март айында Жогорку Кеңеш муфтиятты салыктан бошоткон мыйзам кабыл алганы айтылат. Мындан улам Текебаев Эгембердиевге карата козголгон кылмыш ишти токтотуу зарылдыгын баш прокурордон өтүнгөн.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Казакстандын аймагында убактылуу камакка алынганы тууралуу маалымат Түштүк Казакстан облустук сотунун расмий сайтында жарыяланган эле. Ал кыргыз УКМКсынын өтүнүчүнүн негизинде кармалганы дайын болгон. Ага карата Кыргызстанда “салык төлөөдөн качкан” деген берене боюнча кылмыш иш козголгон.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи өткөн жылдын башында Интернетте өзүнө байланыштуу чуулуу видеотасма тарап кеткендигине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG