Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Пакистандагы катуу шамалдан кеминде 45 киши мерт болду


Пешевар шаарында жамгыр жана куюн аралашкан катуу шамалдан талкаланган турак-жайлар. 27-апрель, 2015-жыл.

Пешевар шаарында жамгыр жана куюн аралашкан катуу шамалдан талкаланган турак-жайлар. 27-апрель, 2015-жыл.

Жергиликтүү бийликтер билдиришкендей, өлкөнүн түндүк-батышында кечээги шамалда 45 адам өлгөндөн тышкары 200дөн ашуун киши да жаракат алды. Пешеварда жана анын айланасындагы райондордо имараттар бузулуп, бак-дарактар омкорулду, электр зымдары үзүлдү.

Жергиликтүү бийликтер жүздөгөн мал-жандык да кырылган болушу мүмкүн деп болжошууда.

Борбор Исламабад менен Пешевардын ортосунда аба каттамдары токтотулду.

Пакистандын метереологиялык кызматы куюн аралашкан кечээги шамалды “кичи торнадо” деп мүнөздөдү. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG