Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Араванда бир үйдү жылан каптады


Шамбек Саттаровдун үйүндөгү жылан, Араван району, Ош. 27-апрель, 2015
Шамбек Саттаровдун үйүндөгү жылан, Араван району, Ош. 27-апрель, 2015

Оштун Араван районундагы Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол конушундагы бир үйдөн жылан чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» үйдүн кожоюну Шамбек Саттаров билдирди. Анын айтымында, күн ысыгандан бери үйүнөн жылан чыгып жатат. Бир апта аралыгында он бешке жакын жылан чыккан. Алардын арасында узундугу 1,5 метрге жеткендери болгон. Үй ээсинин элдик ыкма менен кетирүү айласынан майнап чыкпай жатат.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондогу бөлүмү эч кандай жардам бере албай турганын айткан. Жыландан чочулаган үй-бүлө учурда туугандарынын үйүндө баш калкалоодо. Жылан каптаган үй 2006-жылы курулган.

Былтыр ушул мезгилде Алайдагы бир мектептен да жылан чыгып, окуу үзгүлтүккө учураган эле. (YI)

XS
SM
MD
LG