Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Конституциялык палата тергөө учурундагы тыңшоону мыйзамдуу деп тапты


Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата Кыргызстанда оперативдик-издөө иштерин жүргүзүү системасын (СОРМ) колдонуу Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты. Бул тууралуу аталган палатанын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы конституциялык органы 22-апрелде адвокат Нурбек Токтакунов жана “Винлайн” компаниясынын доо арызын караган. Анда адвокат “Электрондук жана почта байланышы" тууралуу жана "Оперативдик-издөө ишмердиги” тууралуу мыйзамдардын айрым беренелеринин Баш мыйзамга шайкештигин текшерүү тууралуу арыз берген.

Адвокаттын жүйөсүндө, бул мыйзамдар адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүгө жол ачып берет. Бирок Конституциялык палата бул арыздарды четке кагып, иликтөө учурунда телефондук тыңшоолор баш мыйзамга шайкеш келет деген чечим чыгарды.(BkA)

XS
SM
MD
LG