Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Непалда зилзала курмандыктарынын саны 3700дөн ашты


Катмандудагы кыйроо. 25-апрель, 2015-жыл.
Катмандудагы кыйроо. 25-апрель, 2015-жыл.

Бул өлкөнүн бийликтери билдиргендей, зилзаладан катуу жабыр тарткан тоолуу райондор менен али байланыш болбой жаткандыктан курмандыктар саны 5000ге чейин жетип кетиши мүмкүн деп болжолдонууда. Мындан сырткары 6500дөн ашуун адам жаракат алды. Зилзаланын артынан Гималай тоолорунда кар жана жер көчкү да жүрдү. Жер көчкүлөр тоодогу жолдорду жаап, жардамга муктаждарга куткаруучулардын жетишин кыйындатууда.

Кабарларга караганда, азык-түлүк жана суу тартыш болгондуктан миңдеген непалдыктар борбор Катмандуну көздөй агылууда. Катмандунун өзүндө болсо бир миллиондой тургундун жана туристтердин көбү экинчи түндү ачык асман алдында өткөрүштү.

25-апрелдеги зилзала Непал акыркы 80 жылда кабылган эң ири жер титирөө болду. Күчү Рихтер таякчасы боюнча дээрлик 8 баллга жеткен зилзала борбор Катмандунун эски райондорун кыйратып, Индия, Бангладеш, Тибет, Пакистандын бөлүктөрүндө да сезилди. (UE)

XS
SM
MD
LG