Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Президент Атамбаев Непалга көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев катуу зилзалага кабылган Непалдын президенти Рам Баран Ядавка жана бул өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Анда кыргыз президенти каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, ошондой эле жараат алгандар тезирээк сакайып кетишин каалаган.

25-апрелде Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан 3200дөн ашык адам мерт кетип, 6500гө жакын адам жараат алды. Борбор шаар Катманду калаасында жана ага жакын аймактарда көпчүлүк турак жайлар, анын ичинде тарыхый Дхарахара мунарасы да кыйрады.(BkA)

XS
SM
MD
LG