Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Ошто журналисттер сабалды


Бүгүн Ош шаарынын Черемушка районунда жер үйлөр күйүп, аны чагылдырууга барган журналисттер жергиликтүү тургундардан таяк жешти. Бул тууралуу “Акипресс” маалымат агенттигинин Оштогу жетекчиси Азамат Абсатаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өрт каптаган үй ээлери күйүп жаткан үйлөрдү тартууга келген ЖМК өкүлдөрүнө окуяны чагылдырууга уруксат бербей, айрымдарын сабап коюшкан. Журналисттердин арасында аталган сайттан сырткары, “Башат”, ЭлТР, 7-каналдын кызматкерлери болгон.

Ош шаардык ИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков журналисттерге кол көтөрүү боюнча маалымат келип түшкөнүн, ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын айтты. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG