Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Тажикстанда сакал алууга мажбурлаган эки милицияга сөгүш берилди


Тажик ички иштер министринин орун басары Икром Умарзода бүгүн “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдагандай, өлкө түндүгүндөгү Согди облусунда милициянын эки офицерине жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларынан кийин сөгүш берилди.

Жергиликтүүлөр милиционерлерди аларды сакалын алууга мажбурлаганын айтып, арызданышкан.

Тажик ички иштер министринин орун басары белгилегендей, милициянын аймактык бөлүмдөрүнө адамдар менен эктремизм темасында сүйлөшүүгө көрсөтмө берилген, бирок аларга кысым-басым жасоо жөнүндө сөз болгон эмес.

Тажикстанда акыркы кездери милиция сакалчан мусулмандарды сакалдарын алууга мажбурлап жатканы боюнча кабарлар көбөйгөн эле.

Расмий эсепте үч жүздөн ашуун жараны Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен Тажикстандын президент Эмомали Рахмон баш болгон бийликтери мамлекеттин секулярдык принциптерин күчөтүү жөнүндө көп айтып жатышат.

Өлкөдө кыздардын мектептерде хижаб кийүүсүнө тыюу салынган, бойго жете элек балдар мечитке кире албайт, чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларга кеткен жүздөгөн тажик студенттеринин баары кайра чакыртылып алынган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG