Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Непалда зилзала курмандыктарынын саны 4000ге жетти


Эверест тоосундагы лагерь зилзаладан кийин. 27-апрель, 2015-жыл.

Эверест тоосундагы лагерь зилзаладан кийин. 27-апрель, 2015-жыл.

Бул өлкөнүн полициясы билдиргендей, 27-апрелдин кечине карата зилзала курмандыктарынын саны 3904 адамга жеткени ырасталды. Мындан тышкары 7194 киши жаракат алды.

Зилзаланын артынан бийик тоолордо кар жана жер көчкү да жүргөн эле. Мындан Эверест тоосунда 18 альпинист каза тапса, коңшу Индияда 61, Тибетте 25 адам кар алдында калган.

Бийликтер зилзала курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн айтууда.

Анткени, жер көчкүлөр тоодогу жолдорду жаап калгандыктан, жардамга муктаждарга куткаруучулардын жетишин кыйындатууда.

Кабарларга караганда, азык-түлүк жана суу тартыш болгондуктан миңдеген непалдыктар аймактардан борбор Катмандуну көздөй агылууда.

Катмандунун өзүндө болсо бир миллиондой тургундун жана туристтердин көбү үчүнчү түндү ачык асман алдында өткөрүшүүдө.

Гуманитардык уюмдар жана донор өлкөлөр Непалга азык-түлүк, суу жана башка керектүү нерселерди жеткирүүгө аракеттенип жатышат.

25-апрелдеги зилзала Непал акыркы 80 жылда кабылган эң ири жер титирөө болду.

Күчү Рихтер таякчасы боюнча дээрлик 8 баллга жеткен зилзала борбор Катмандунун эски райондорун кыйратып, Индия, Бангладеш, Тибет, Пакистандын бөлүктөрүндө да сезилди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG