Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Бишкекте кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүн атып кетишти


Өткөн түнү Бишкектеги Жал кичирайонунда кылмыш дүйнөсүнүн активдүү өкүлү Дамир Сапарбеков атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сапарбеков үйүнө кирип келатканда беткапчан бирөө атып кеткен. Ал алган жараатынан жан берген. Бул окуя боюнча эки адам кармалып, тергөө иштери башталды.

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, кармалган эки жаран тең мурда соттолгон адамдар болуп чыкты. Ошондуктан бул окуя кылмыштуу топтордун өз ара териштирүүсү болушу мүмкүн деген версия каралууда.

36 жаштагы Дамир Сапарбеков Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагынан эки ай мурун гана боштондукка чыккан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG