Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Президент тариф саясатын жөнгө салууну талап кылды


Президент Алмазбек Атамбаев электр энегрияга тариф саясатын жөнгө салуу керектигин белгиледи. Ал Коргоо кеңешинин жыйында сүйлөп жатып, электр энергиясына тарифтер өлкөдөгү реалдуу мүмкүнчүлүк жана жалпы жагдайды эске алуу менен иштелип чыгышы керектигин, учурдагы тарифтер өтө эле төмөндүгүн, бирок аны жөнгө салуу үчүн элге туура түшүндүрүп, толук маалымат жеткирүү зарыл болуп турганын айтты.

“Мындай иштер жүрүгүзүлбөсө калкта ар кыл күмөн ойлор пайда болот, ал эми аны айрым саясий күчтөр өз максатына пайдаланышы мүмкүн” -деди Атамбаев. Президент 2009-жылдан бери Кыргызстандагы электр энергияны колдонуу 1,5 эсеге жогорулаганын кошумчалады.

Былтыр электр энергиясына тарифти өзгөртүү сунушталган. Ага ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Бирок бул боюнча укук коргоочулар сотко кайрылып, сот чечими менен өкмөт ал тарифтерди четке кагууга аргасыз болгон. Учурда электр энергиясын 700 кВт/саатка чейинки көлөмдө колдонгондор бир киловатт/саатына 70 тыйын төлөйт. Андан ашкандарга 1 сом 82 тыйындан төлөө каралган.(BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG