Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Непалда кыргыз жарандары бар-жогун тактоо уланууда


Непал -- Жер титирөөдөн кийин, 27-апрель, 2015.
Непал -- Жер титирөөдөн кийин, 27-апрель, 2015.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги зилзалага кабылган Непалда кыргыз-жарандары бар-жогун тактоо иштерин улантып жатканын бүгүн ТИМден кабарлашты. Элчиликтин 28-апрелге карата топтогон маалыматтарына караганда, бул өлкөдөгү жер титирөөдөн жапа чеккендердин арасында кыргыз жарандары жок. Буга чейин Непалда кыргыз жарандары бар болушу мүмкүндүгү, бирок алар өлкөнүн кайсы аймагында жүргөнү жана саны белгисиз экени айтылган.

25-апрелде бул өлкөдө күчү дээрлик 8 баллга жеткен зилзала борбор Катмандунун эски райондорун кыйратып, төрт миңдей адамдын өмүрүн алып кетти. Мындан тышкары дагы 7 миңден ашуун адам жаракат алган. (SM)

XS
SM
MD
LG