Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кара-Сууда турак үйлөргө снаряд түшүшү териштирилүүдө


Оштун Кара-Суу районунун Кызыл-Байрак жана Керме-Тоо айылдарына жакын жердеги аскердик машыгуу учурунда атылган снаряд турак үйгө түштү. Бул тууралуу аталган айыл тургундары билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн аптада аталган айылдардагы эки турак үйгө снаряддын калдыктары келип түшкөн. Андан үйлөрдүн чатыры талкаланган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Аталган айылдарга жакын жерде Кыргызстандын да, Өзбекстандын да аскердик полигону жайгашкан. Ошондуктан бул снаряддар аталган полигондордун бириндеги машыгуу учурунда атылган болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Бул боюнча атайын териштирүү башталып, атылган снаряд калдыктары экспертизадан өткөрүлүүдө. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG