Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Донбасста согушуп жүргөн кыргызстандык тууралуу тасма тарады


Донбасста согушкан Нурлан (You Tube сайтындагы видеодон алынган сүрөт.)

Донбасста согушкан Нурлан (You Tube сайтындагы видеодон алынган сүрөт.)

Интернетте Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн Нурлан аттуу кыргызстандык тууралуу тасма тарады. YouTube сайтына “Жаңы Орусиянын каналы” жайгаштырган тасмада аскер кийимчен Нурлан аттуу адам өзү тууралуу айтып берет. Ал Кыргызстандан экенин жана “Кыргыз” деген лакап ысым менен орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөнүн баяндаган. Тасма 25-апрелде тартылганы көрсөтүлгөн.

Украинанын чыгышындагы жаңжалга кыргызстандыктар катышып жүргөнү тууралуу буга чейин айтылып келген. А түгүл алардын бири “Азаттыкка” маегинде бир нече кыргызстандык Донбасстагы согушка катышып жүргөнүн айткан эле. Бирок Кыргызстандын расмий органдары мындай маалыматты четке кагып келген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG