Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Түркмөнстан биринчи космос чөлмөгүн учурду


Түркмөнстандын алгачкы телекоммуникациялык космос чөлмөгү Жердин орбитасына жиберилди. Ичинде кишиси жок Спейс Икс ракетасына жалгашкан чөлмөк АКШнын Флорида штатынан өткөн түнү асманга көтөрүлдү. ТүркмөнАлем52-И деп аталган сателит Борбор Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада бир миллиард 200 миллион кардарга теле жана башка кызматтарды көрсөтөт. Сателитти жасаган Талес Алениа Спейс компаниясынын президенти Жан Луа Галдын айтымында, бул Түркмөнстандын космостук мамлекет болушундагы маанилүү тунгуч кадамы болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG